Коом

Жамгыр жаап, карга айланат. 4-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүн, 4-октябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө 5…10°, Талас өрөөнүндө 4…9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

4-5-октябрларда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button