Коом

Президент 20 жаштагы студентке кезексиз бир бөлмөлүү батир берүүнү убада кылды

Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна караштуу Жумгал районунан келген 20 жаштагы студентке кезексиз бир бөлмөлүү батир берүүнү убада кылды. Бул тууралуу ал аймактын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысына Байзак айылынын тургуну Жийдегүл Кенжешова кайрылып, ата-энеси каза болгондон кийин үч небересин жалгыз багып жатканын айтып, үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө жардам сурады.

Садыр Жапаров бул маселени жеке көзөмөлүнө ала турганын белгиледи.
«Мен сиздин небереңиз-студентке Бишкек шаарынан кезексиз бир бөлмөлүү батир бөлүп берүүгө укугум бар. Бул жайында батир берилет», — деди президент.

Эске салсак, Садыр Жапаров учурда Нарын облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Ал кечээ Жумгал жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушкан. Бүгүн эртең менен Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button