Бишкектеги көрүстөндөрдүн саны 36га чейин көбөйүшү мүмкүн

Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, байланыш жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында «Бишкек ритуалдык кызматтар агенттиги» муниципалдык ишканасынын директору Кубат Курамаев билдирди.
Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин борбор калаадагы муниципалдык көрүстөндөрдүн саны 21ге көбөйгөн.
Ошондой эле азырынча тактала элек аймактар бар. Учурда Муниципалдык менчик башкармалыгы аларды документтештирүү маселесин карап жатат. Натыйжада Бишкекте жалпы 36 көрүстөн болушу мүмкүн.
Азыркы учурда алардын алтоосу жаңы көмүүлөр үчүн жабылган.
Жыйында белгиленгендей, 2026-жылы Бишкек ритуалдык кызматтар агенттигине жалпысынан 32,4 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинен 4,2 миллион сом тууган-уруксуз адамдарды жерге берүү чыгымдарына каралган.
Каражаттын олуттуу бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат.
Ал эми 2025-жылы көмүү кызматтарынан түшкөн киреше болжол менен 28 миллион сомду түзгөн.



