УКМК тарабынан мыйзамсыз миграциянын эл аралык каналы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
КР УКМК Ош облусунда Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясы үчүн туруктуу канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө өлкө аймагынан мыйзамсыз өткөн, башкача айтканда, көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу эмес, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет өлкөлүк жарандардын транзитин уюштуруу схемасы аныкталды.
Тактап айтканда, «Достук-автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өлкөдөн чыгууга аракет кылып жаткан учурда Д.М. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал Чүй облусунун аймагында чек араны көзөмөл-өткөрүү пункттарынан тышкары мыйзамсыз кесип өткөн.
Үчүнчү мамлекеттин аймагында жүрүп, кылмыштуу топту башкарган чет өлкөлүк жаран аныкталды. Ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштуруучулардын бири болгон Ош шаарындагы «Эл аралык аэропорттун» авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкери КР жараны Н.у.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана мыйзамсыз миграция каналын уюштуруу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында бул кылмыштарга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.



