Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча аба каттамы жанданат

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 26-июнунан тартып Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды кайрадан жанданта турганын маалымдайт.
Каттамдар жумасына үч ирет — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Учуу убактысы күндүн биринчи жарымына пландаштырылгандыктан, жүргүнчүлөр Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу убактысын мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалана алышат.

Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча каттамдардын кайра жанданышы өлкөнүн түштүк аймагында жашаган жарандар үчүн Ысык-Көлдүн жээгине тез жана ыңгайлуу жетүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Аба каттамынын аркасында жүргүнчүлөр Тамчы аэропортуна болгону бир саатта учуп жетип, автоунаа жолу менен узак убакыт жол жүрүүдөн кутулушат жана учуп келген күнү эле көл жээгинде эс алууну баштай алышат.
Авиабилеттин баасы бир тарапка 6 500 сомду түзөт. Бул тариф боюнча авиабилеттерди авиакомпаниянын расмий сайты www.asmanairlines.kg аркылуу же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу комиссиясыз жана кошумча төлөмдөрсүз сатып алууга болот.
«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Кыргызстандын аймактарынын ортосунда коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү аба байланышын камсыз кылуу менен өлкө ичинде саякаттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда.
Кошумча маалыматты авиакомпаниянын расмий маалыматтык булактарынан алууга болот.



