Аксыда мыйзамсыз сакталып жүргөн сайлуу ок атуучу курал октору менен алынды

2021-жылдын сентябрь айынын башына Жалал-Абад областынын аймагында “С” аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтар алынган. Алынган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын (КМК) уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн жана Аксы РИИБдин КМКнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Аксы районунун тургуну 1987-ж.т. У.М. мыйзамсыз сактап жүргөн 7,62 калибрлүү “Сайга карабин” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 20 даана огу менен алынган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



