Коом
Кыргызгидромет май айында аба ырайы кандай болорун айтты
Абанын айлык орточо температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында климаттык нормадан 1° жогору болушу, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда норманын чегинде болушу кутүлөт. Жаан-чачындын көлөмү норманын чегинде болот.



