Бишкектеги мектептерде 274 мугалим жетишпейт

Бишкектеги мектептерде 274 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу 18-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясынын жыйынында мэриянын Билим берүү департаментинин башчысы Жаныбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда физика, химия, география, тарых жана дене тарбия мугалимдерине муктаждык бар.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Татьяна Кузнецова бул көйгөйдү муниципалитет кандай чечип жатканын сурады.
«Окуу жылы башталды. 274 мугалим жетишпейт. Бул болжол менен үч чоң мектепте мугалимдер таптакыр жок дегенди билдирет. Мындай учурда окуу процессин баштоо мүмкүн эмес», — деди ал.
Орозалиевдин айтымында, былтыр бош орундардын саны мындан да көп болгон. Учурда мугалимдердин айлыгынын жогорулашына байланыштуу көйгөй акырындык менен чечилип, жаш мугалимдердин бул кесипке болгон кызыгуусу арткан.
Борбор калаанын вице-мэри Рахат Мусаева өткөн окуу жылынын аягында Бишкектеги мектептерде 527 мугалимдик орун бош болгонун билдирди.



