Коом

ЖКККББ кызматкерлери ок атуу жана жөө жүрүш боюнча практикалык машыгуудан өтүштү

ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан куралдарды колдонуу практикалык окуу машыгуу боюнча иш-чара  болуп өттү. Бул тууралу ЖКККББнын басма сөз кызматчысы билдирди.

Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлери ок атуу куралдарын колдонуу, кесиптик чеберчиликти арттыруу жана күжүрмөн даярдыкты бекемдөө максатында практикалык окуу машыгуу сабактарынан өтүштү.

Иш-чаранын алкагында ЖКККББнын башчысы, милиция полковниги Жеңишбек Жоробеков кызматкерлерге саптык кароо өткөрүп, алардын кызматтык формаларынын талаптарга шайкештигин, күжүрмөн даярдыгын, колдонуудагы күч каражаттарын жана моралдык-психологиялык абалын текшерди. Ошондой эле ал кызматкерлерди өлкөнүн ички коопсуздугун сактоодо мекенчилдик менен ак кызмат кылууга чакырды.

Машыгуунун соңунда бийик тоолу аймакта 15 чакырымдык аскердик жөө жүрүш уюштурулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button