Өзгөн районунда 21 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүү кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда 21 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Милициянын маалыматына ылайык, кайгылуу окуя 15-июнь күнү кечинде мурдагы классташтардын ортосунда чыккан жаңжалдан кийин болгон.
Ош ОИИБдин маалыматына караганда, 2004-жылы туулган жигиттин каза болгону тууралуу билдирүү милицияга болжол менен саат 23:30да түшкөн. Окуя болгон жерге облустук жана райондук ички иштер органдарынын жетекчилери, ошондой эле тергөө-ыкчам тобу барышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 23:00дөр чамасында маркум менен анын 22 жаштагы таанышы Т.Р. ортосунда сөз талаш чыгып кеткен. Чыр-чатак учурунда шектүү курч нерсе менен жигиттин көкүрөк тушуна эки жолу сайып, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилгенге чейин көз жумган.
Бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.


