Коом
Ысык-Көлдө экологиялык талаптарды бузгандар жоопкерчиликке тартылды

Ысык-Көлдө экологиялык рейд өтүп, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кабарлады .
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталды. Анын негизинде укук бузуу жөнүндө 8 административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 111 миң 500 сом айып пул салынды.
«Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык укук бузуулардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында рейддик иш-чаралар туруктуу негизде уланат», — деп айтылат маалыматта.



