Коом
Бишкекте борбордук китепканада балдар үчүн жайкы ийримдер ачылды

Бишкектеги Т. Касымбеков атындагы борбордук китепканада балдар үчүн жайкы ийримдер ачылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдады.
Маалыматка ылайык, балдар китепкананын базасында өткөрүлүүчү чыгармачылык, билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактарга катыша алышат.
Жайкы ийримдер каникул убагында күн сайын саат 09:00дөн 17:00гө чейин иштейт.



