Коом
Кытайда 140 жыл мурун болгон суу ташкын кайталанып, 102 адам жаракат алды

Кытайдын Гонконг шаарында жаандан улам болуп көрбөгөндөй суу ташкындап, шаар ичин сел каптады. Бир сутканын ичинде айрым райондордо 158 миллиметрден ашык жаан жааганын Кытай ЖМКлары билдирүүдө.
Мындай катуу жаан 140 жыл мурун катталган деп билдирет басылмалар. 1884-жылдан берки эң катуу жаан болуп катталды. Суу ташкынын кесепетинен 102 адам жаракат алып, алардын төртөө оор абалда.
Гонконгдогу «Саола» тайфунунан улам мектептер жана ишканалар жабылып, жүздөгөн авиакаттамдар жокко чыгарылган. Жолдордо жана метро станцияларда суу толуп жүрүүгө коопту абалга жаралган.



