Коом

Фарид Ниязов, Бусурманкул Табалдиев жана Эрнис Апилов Орхан Инанды баштаган 11 түркиялык жаранга мыйзамсыз паспорт берүү иши боюнча акталды

Биринчи май райондук сотунун өкүмүндө алардын реабилитацияга укугу бар экени, кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганы жазылган.

Паспорттор берилген учурда Ниязов приденттик аппараттын башчысы, Табалдиев УКМКнын төрагасы, ал эми Апилов  президенттин алдындагы жарандык берүү боюнча комиссиянын катчысы болуп иштеп турган. 

“Сапат” билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын 2012-жылы алган. 

Ал 2021-жылдын жайында дайынсыз болуп, кийинчерээк Инандыны Түркияга алып кетишкени аныкталган. Ал жакта  «куралдуу террордук уюмду жетектеген» деп табылып, 21 жылга эркинен ажыратылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button