Коом

Бишкектин Биринчи май районунда диний мекемелер текшерилди

Бишкектин Биринчи май районунда диний мекемелерди текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө райондун аймагында жайгашкан диний мекемелердин документтерин жана жалпы санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 2 мечит жана 1 христиан диний мекемеси убактылуу жабылган.

Ошондой эле Бишкек шаарынын МСЭКБ тарабынан 8 санитардык көрсөтмө жана 7 протокол жазылып берилген.

Мындан тышкары, Биринчи май райондук ИИБ тарабынан 4 административдик протокол түзүлгөн.

Белгилей кетсек, рейдге Ички иштер башкармалыгынын, УКМК, МСЭКБ, «Бишкекбашкыархитектура» МИ, «Кадастр» БФ, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын, казыяттын жана РЭСтин өкүлдөрү катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button