Окуялар
Кара-Балта шаарында Volkswagen Sharan унаасынын айдоочусу эркек кишини өлтүрө сүздү
Чүйдүн Кара-Балта шаарында Volkswagen Sharan унаасынын айдоочусу эркек кишини өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында болгон.
«Volkswagen Sharan унаасынын айдоочусу Бишкек-Чалдовар унаа жолунда бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эркек кишини сүзгөн. Жабырлануучу окуя болгон жерде 50 жаштагы киши эсине келбей каза болгон. Учурда унаа айып короо жайына токтотулуп, бардык материалдар чогултулуп тийиштүү органдарга жеткирилип берилди», — деп билдирет басма сөз кызматынан.



