Коом

Нарында «Хизб ут-Тахрирдин» активдүү мүчөсү кармалды

Нарында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү кармалды, — деп кабарлайт КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-декабрында УКМКнын Нарын облусук башкармалыгы жана Нарын облусунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө сот тарабынан тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү «Хизб ут-Тахрир» ДЭУ таандык фотоматериалдарды тараткан «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү кармалды.

Нарын шаардык сотунун санкциясы менен кармалган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда Facebook социалдык тармагында экстремисттик аракеттерди жасаган «Samsung J2» телефону жана сим-картасы табылып алынган.

Азыркы учурда кармалган жарандын мыйзамсыз иш аракеттерин документтештирүү боюнча керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button