УКМК: Талас районунда мыйзамсыз иш алып барган “Даарул-Хулд” мечити аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Мусулман дин кызматкерлеринин жана салттуу эмес диний кыймылдардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоого жана токтотууга багытталган контрчалгындоо иш-аракеттеринин алкагында, КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Талас облустук башкармалыгы Талас облусунун Талас районундагы Орто-Арык айылында жайгашкан “Даарул-Хулд” мечитинин мыйзамсыз иш алып барганын аныктады.

Тиешелүү иликтөөлөрдүн жүрүшүндө “Даарул-Хулд” мечити чет элдик демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен жана тиешелүү уруксаттарсыз курулганы аныкталды.

«Дин тутуу эркиндиги жөнүндө» КРнын Мыйзамына ылайык, аныкталган кемчиликтер боюнча протокол түзүлүп, Мыйзамдын 10-беренесине ылайык, мечит соттук кароодон өткөрүлдү. КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, КРнын жараны «Б.И.М.»ге 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом) өлчөмүндө айып пул салуу менен тиешелүү протокол түзүлүп, андан кийин мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу максатында “Даарул-Хулд” мечити жабылган.



