Коом
Токтосунов: Өлкөдө 20 миңге жакын чет элдик жарандын кыймылсыз мүлкү бар

Кыргызстанда 20 миңге жакын чет элдик жарандын кыймылсыз мүлкү бар. Бул тууралуу Жер ресурстары агенттигинин төрагасынын орун басары Жакшылык Токтосунов парламентте билдирди.
Ал былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч бир аз өскөнүн белгиледи. Жер кодексине ылайык, Кыргызстандагы турак жайларды чет өлкөлүк жарандар сатып ала алышат, бирок анын алдындагы жер тилкеси аларга 49 жылдык мөөнөткө гана ижарага берилет.
«Эгер бул кыймылсыз мүлктү кийин Кыргызстандын жараны сатып алса, жер тилкеси да анын менчигине өтөт», — деп түшүндүрдү Токтосунов.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев 2025-жылы жана быйылкы жылдын биринчи чейрегинде чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда 2 408 кыймылсыз мүлк объектин сатып алганын билдирген.



