Саясат

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге катуу эскертүү берди

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду. Бул тууралуу КР УКМКнын баса сөз кызматы билдирет.

Жаңы имараттын ачылышына КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен ардагерлер жана Кара-Көл шаардык бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш чарада генерал-лейтенант К. Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлкеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди.

Анын айтымында, шайлоо өнөктүгү олуттуу  мыйзам бузууларсыз өтүп жатканы менен шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары катталууда.

«Президент административдик ресурсту колдонууга тыюу салып, шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катардагы кызматкерден жетекчиге чейин шайлоо процессине кийлигишпөөгө, үгүт иштерине катышпоого тийиш. Муну ар бир адам так түшүнүшү керек. Буга чейин мамлекеттик кызматкерлерди административдик ресурсту колдонбоого милдеттендирген мындай жарлыктарга кол коюлган эмес. Ошондуктан административдик ресурс жер-жерлерде колдонулган. Жергиликтүү жетекчилер тигил же бул саясий партияда иштегендей болуп бөлүнүп, кайсы партияны кабыл алып, кайсынысы кирбей турганын, кайсы талапкер өтүшү керек, кайсынысы өтпөйт деп көрсөтмө беришкен… Жогорку жетекчилер көрсөтмө берип, анан жергиликтүү жетекчилерге түшүп, баары көзөмөлгө алынган. Кимдир бирөө кызматка көтөрүлдү, кимдир-бирөө тоскоолдуктарды жаратты. Административдик ресурс колдонулду. Азыр Жаңы Конституциянын негизинде мыйзамдуулукту орнотуунун принциптери киргизилди. Биз элге, шайлоочуларга өздөрү тандоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Кайсы талапкер болбосун, эл аны колдоп, парламентке кирсе, биз аны менен иштешүүгө милдеттүүбүз», — деди Ташиев.

УКМКнын башчысы административдик ресурс колдонгон жетекчилерге катаал жаза колдонуларын айтты. «Жакында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулуп, көбүнө сөгүш жарыяланды. Ага карабастан жер-жерлерде мыйзам бузуулар уланууда. Шаарлардын мэрлери, акимдер, айыл өкмөт башчылары, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү — аларга көңүл буруш керек. Мамлекеттик кызматкер кайсы бир партияга, талапкерге үгүт жүргүзүүгө укугу жок. Сиздин милдет [УКМК кызматкерлерине кайрылуусу] мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө, мыйзам бузууларга жол бербөө. Айрым талапкерлер бир жумадан кийин, эки күндөн кийин пара бере баштайбыз деген маалыматтар бар. Шайлоого бир жума, 2-3 күн калганда силер [УКМК] күнү-түнү уктабагыла, көзөмөлдөшүңөр керек. Эгерде жер-жерлерде пара алуу фактылары болуп, эч кандай чара көрбөсөңүздөр, биздин кызматкерлер жер-жерлерде жазага тартылат», — деди атайын кызматтын жетекчиси.

“Айрым талапкерлер программасын айтышпай, башкаларды каралоого аракеттенишип, элге туура эмес маалымат тарткатып жатышат. Мен ал талапкерлерге айткым келет – сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат! Биз алардын баары элге программасын айтып алышына шарт түзүп жатабыз, аны менен добуш алып, парламентке келишсин дейбиз. Мамлекет шарт түзүп, мыйзамдуулукту камсыздоодо. Алар дагы талапкердин этикасын сакташы керек. Бирок туура эмес маалыматты таратышып, мамлекет башчысын, сиз жана бизге окшогон мамлекеттик кызматкерлерди каралоодо. Алар сөздөрүнө жооп беришет. Эл баарын түшүнөт деп ойлойм. Мамлекетти жамандоо менен алдыга жылам деп ойлоо жаңылыштык. Мындай учурда мамлекет эч убакта өнүкпөйт. Мамлекетти жакшы иштер алдыга жылдырат. Эгер кайсы бир талапкер мыйзамды бузса, анын эмгегине, коомчулуктагы атагына, мамлекеттик кызматтарда туугандары бардыгына карабайбыз, жоопкерчиликке тартабыз”, — деди Камчыбек Ташиев.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча жалпысынан 302 талапкер, ал  эми  бир округга 21 партия катышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button