Мамлекеттик ипотекалык компания Президент Садыр Жапаров белек кылган үйдү сатыкка койду
«Түшкөн акча-каражатка даяр батирлер сатып алынат. Батирлер «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмасынын катышуучуларына «кийин сатып алуу» механизми боюнча ижарага берилет», – деп маалымдайт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат кызматы.
Аукцион ушул жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында(Токтогул көчөсү 228) болуп өтөт. Катышуу үчүн арыздар 23-декабрга чейин кабыл алынат. Толук маалымат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын расмий сайтында жарыяланган. https://gik.kg/kg/news_detail/oao-gik-obyavlyaet-publichnyie-torgi-dlya-realizatsii-2-h-etazhnogo-doma-v-bishkeke-v-forme-otkryitogo-auktsiona
Эсиңиздерге сала кетсек, ушул жылдын 30-сентябрь айында өлкө башчысы Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга өзүнүн Бишкек шаарында жайгашкан эки кабат үйүн белек кылган.






