Коом

Кытайлык дарыгерлер 550 кыргызстандыкка акысыз операция жасоого даяр

Кытайлык офтальмологдор кыргызстандыктар үчүн 550 бекер операция жасап бере алат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Дипломат министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолуккан.

Октябрь айында Кытайдан дарыгерлердин келиши пландалууда. Министрлер кабинетинин «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында Кыргызстандын муктаж болгон жарандарына (көздүн катарактасына) бекер операция жасалмакчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button