Коом
Алдамчылыкка шектелген блогер Гүлзат Мамытбектин иши сотто карала баштады

Бүгүн, 1-февралда блогер Гүлзат Мамытбектин соттук отуруму жүрүп жатат. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гүлзат Мамытбектин соттук отуруму саат 14:00дө башталган. Процесс жабык каралып жатат.
Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек 2021-жылдын 25-октябрында алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.



