Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик 21 уюм. Тизме

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 21 диний, экстремисттик жана террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Алар соттун чечими менен «кара тизмеге» киргизилген. Эң акыркысы болуп 2017-жылдын 15-июнунда «Йакын-Инкар» уюмунун иштешине бөгөт коюлган.
Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмеси:
«Аль-Каида» — 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
«Талибандар кыймылы» — 2006-жылы 15-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм деп эсептелген;
«Чыгыш Түркстан ислам кыймылы» — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм деп табылган;
«Күрд элдик конгресси» («Конгра-Гель») — 2008-жылы 11-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюмдардын катарына киргизилген;
«Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму» — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм экени белгилүү болгон;
«Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп табылган;
«Жихад тобу» — 2008-жылдын 11-июнунда Биринчи май райондук соту террордук уюм деп тапкан;
«Түркстан Ислам партиясы» («Өзбекстан Ислам кыймылы») — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары таанылган;
«Мун чиркөөсү» — 2012-жылы 22-февралда Свердлов райондук сотунун чечими менен өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
«Жайшуль Махди» — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;



