Коом

Бишкекте 4-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат

Бишкекте жылуулук берүү 4-апрелден тарта токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Мындай чечим күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

«Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, 31-марттан баштап орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлүүдө. Бекитилген критерийлерге ылайык, көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо жылуулук берүү өчүрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Жарлыкка мэр Эмилбек Абдыкадыров жакын арада кол коёт.

Жылуулук боюнча маселе жаралган абоненттер төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

«Бишкек жылуулук тармагы» — (0312) 21-28-47, (0312) 212844;

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору — (0312) 61-11-69;

Борбордук районунун дежур инженерлери — 36-57-19, 30-07-67;

Түштүк аймагынын нөөмөт инженери — 51-06-22, 21-74-06.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button