Тарыхый зор окуя. Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өттү!
Көптөгөн жылдар бою күткөн күн келди. Ар бир нерсени өз аты менен атайлы. Эми мындан ары Кумтөр кени Кыргызстандыкы. Ага канадалыктардын кымындай да тийешеси жок болуп калды. Кыргызстан, кыргыз эли толугу менен ээлик кылып, мындан ары алтын сатуудан түшкөн кирешенин баары өлкөбүздүн бюджетине түшөт. Бул чыны менен тарыхый чоӊ окуя. Мындай болоруна көпчүлүк ишенген да, үмүт да кылган эмес эле. Бирок өлкө башчынын чечкиндүүлүгү, эрки менен Чубактын кунундай чубалган «Кумтөр» кени 100 % Кыргызстанга өткөрүлдү.
Ар качан Кумтөрдү бетке кармап, аны саясий күрөштүн куралына, каражатына айландырып бүтүшкөндөр мындан ары да Кумтөрдүн өзүбүзгө өткөнүнөн кыйкым издеп, ага саясий түс берүүнү улантыша берери талашсыз. Бирок эӊ башкысы, Кумтөр маселесине укуктук чекит коюлду. Бул фактыны эч жакка ката албайбыз.
Маалым болгондой, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 2021-жылдын 15-майынан берки Кумтөрдүн кирешелери (323 млн. доллар) Кыргызстанга тийешелүү болуп эсептелет. Ошондой эле канадалыктар өткөн жылдын 3 кварталы үчүн 11 млн. доллар өлчөмүндө төлөп беришет. Мындан сырткары, «Центерра» компаниясы кыргыз тарапка бир жолку 50 млн. доллар суммасында төлөмдү которот. Эми Кумтөр кени менен бирге Рекультивациялык фондго да мындан ары өзүбүз ээлик кылабыз. Рекультивация иштери үчүн Лондондогу банктардын биринде сакталып турган 53 млн. доллар биздин эсепке которулат. Эгерде буга чейин канадалыктардан рекультивация иштерин жүргүзүүнү, мөӊгүлөрдү сактап калууну талап кылып, какшап келген болсок, эми ал иштердин баарын өзүбүз жүргүзөбүз.
Бийликке кыртышы сүйбөгөндөр, балким, бул тарыхый зор окуяны көрө албагандар эмне дешпесин, кандай айтышпасын, элибиздин, өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыгы корголду. Бул окуянын мааниси, тарыхтагы орду канчалык экенин мезгил көрсөтөт. Убакыттын өтүшү менен тарыхый зор чечим, чоӊ жетишкендик, жеӊиш болгондугу андан бетер ырасталып, тастыктала берерин бөркүбүздөй көрөлү.
Айрымдар пессимисттик көз караштарын билдиришип, кенде алтындын запасы калбай калганын айтуулары да мүмкүн. Бирок адистердин белгилөөлөрүндө, алтындын жалпы запасынын жарымы гана казылып алынган. Кенде дагы 200 тонна алтындын запасы бар. «Кенде алтын калбады» деген Кумтөрдү колдорунан чыгаргылары келбеген канадалыктардын гана ойлоп чыгаргандары экенин унутпайлы. Демек, Кумтөрдү мындан ары өзүбүз иштетип, аны менен экономикабызды көтөрүп, бюджетибиздин киреше бөлүгүн арттырууга бардык мүмкүнчүлүктү колго алдык. Өндүрүлгөн алтындын граммына, сатылган алтындын акчасынын долларына дейре өзүбүз ээлик кылабыз. Ал эми кенди элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эффективдүү иштетүү өлкө жетекчилигинин колунда. Бул жагынан кам санабасак болот. Кенди өзүбүз иштете аларыбызды буга чейин далилдедик.
Кумтөрдүн толугу менен Кыргызстанга өтүшүндө албетте, өлкө башчы С. Жапаровдун саясий эрки, чечкиндүүлүгү чоӊ роль ойногонун айтпай коюуга болбойт. «Кумтөрдү» Кыргызстанга өткөрүш керек» деп чоӊ саясатка келген, «Кумтөрдү» кыргыз элинин ээлигине кайтарам» деп президенттик бийликке келген С. Жапаров акыры элге айткан убадасын аткарды. Ошону менен бирге президенттин ишенимин бекемдеп, ага ар тараптуу кеп-кеӊешин айтып, канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө батылдыгын, туруктуулугун көрсөткөн Камчыбек Ташиевдин да ролу чоӊ болду. Мындан сырткары, Акылбек Жапаровдун, юстиция министри Аяз Баетовдун, эксперт, адистердин иш-аракеттерин акыйкаттык үчүн белгилей кетели.



