Саясат

Төрага  жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрүн укту

Бүгүн, 19- июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрүн укту. Бул Парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, кезектеги кабыл алууга да 45ке жакын жаран жазылган. Эки саатка созулган кабыл алуунун жүрүшүндө өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген жарандар жеке жана коомдук мүнөздөгү түрдүү маселелерди көтөрүштү.

Анын ичинде саламатты сактоо, укук коргоо жана сот тармактарына тиешелүү көйгөйлөр айтылып, жарандардын көпчүлүгү турак-жай жана жер маселесине байланышкан жагдайларга токтолушту.

Адаттагыдай эле айрым кайрылуулар боюнча арыз каттары жасалма интеллекттин жардамы менен дароо кабыл алынса, кээ бирлери боюнча төрага тиешелүү мамлекеттик-муниципалдык мекемелердин жетекчилерине ошол жерден телефон чалып, керектүү иштерди алып баруу тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилишине багытталган бардык иш-аракеттер көзөмөлгө алынарын белгилеген төрага:

“Жеке мүнөздө болобу, коомдук мааниде болобу ар бир айтылган маселе көңүл сыртында калбайт. Мыйзам чегинде жана мүмкүнчүлүккө жараша тийиштүү иштер алып барылат”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, төрага жарандарды кабыл алуу иш-чарасын байма-бай өткөрүп келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button