Коом

Тоодо ташталган ымыркайдын иши боюнча Баткен милициясы маалымат берди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы тоо арасына сумкага салып таштап кетишкен ымыркайдын өлүгү боюнча Баткен милициясы тыкыр иликтөө ишин жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

“Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери уланууда. Укук коргоо органдары тиешелүү бардык иштерди жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата баланын энеси али аныктала элек”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 17-мартта Кадамжай районундагы тоодон койчу сумканын ичинен ымыркайдын жансыз денесин таап алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button