Саясат

Жапаров: Кыргызстан Өзбекстан менен бирге Кабар-Ата-1 ГЭСин курат

Кыргызстан Өзбекстан менен бирге Кабар-Ата-1 ГЭСин курат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышынын алкагында соода-логистикалык борборлор жана унаа жолдорду куруу пландалууда.

“Мындан сырткары, Кыргызстан Өзбекстан үчүн транзиттик көпүрө түзүп, коңшу өлкө менен айыл чарба продукциясын алмашуу көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда”, — деди ал.

Жапаров жакынкы аралыкта эки өлкө ортосундагы соода жүгүтүү 2 млрд долларга жетиши керектигин айтат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button