Окуялар
Чүй: Жол кырсыгында унаага кыпчылып калган жаран куткарылды

Чүйдө жол кырсыгында унаага кыпчылып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-апрелде Ысык-Ата районунун Киргшелк айылынын Ленин көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter жана BMW үлгүлөрүндөгү унаалар кагылышкан.
Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин 4 куткаруучусу тартылып, BMW үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган эркек кишини чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.



