№19 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери жана Сокулук районунун активисттери «Сармерден» өткөрүштү

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын орто мектебинде коомдук активист, 30 жылдык стажы бар кыргыз тили мугалими, көптөгөн концерттердин уюштуруучусу Корголова Эльмира Асанкановнанын демилгеси менен “Сармерден” аттуу чыгармачылык сынак болуп өттү. Сынак №19 — түзөтүү мекемесинин кызматкерлери менен жергиликтүү «Шайыр апалар» айылдык тобунун ортосунда өткөрүлдү.
КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер боюнча башкармалыгы билдиргендей, бул иш-чара адеп, билим жана маданият жылынын алкагында өткөрүлдү. Ал өсүп келе жаткан муундарды улуттук мыкты каада-салттарга тарбиялоого, ошондой эле улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган.
Командалар элдик ырларды аткаруу боюнча күч сынашып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр менен көрүүчүлөрдү таң калтырышты, макал-лакаптарды, накыл сөздөрдү айтышып, табышмак табышып, жалпысынан 12 номер көрсөтүлдү.
Мелдештин жыйынтыгында бирдей упай топтогон командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.





