Кыргызстан менен Намибия кызматташат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапары менен Намибия Республикасына барып, эл аралык байланыштар жана соода министри Сельма Ашипала-Мусави менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-намибия мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташкан.
«Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, айыл чарба, билим берүү, туризм жана жашыл энергетика тармактарындагы практикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду», — деп айтылат маалыматта.
Кулубаев географиялык алыстыкка карабастан, эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча эки өлкөнүн позициясы бирдей экенин белгиледи.



