Коом

Министрлик окуу жылы качан бүтөрүн айтты

2021-2022-окуу жылы 8-июнда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталган. Анда министрликтин адистери окуу жылынын тартиби боюнча түшүндүрмө берип, 8-июнда окуу жылы бүтөрү менен мамлекеттик экзамендер башталарын белгилешкен. Экзамендер 1-июлда аяктап, күбөлүктөр 11-июлда тапшырылса, аттестат 15-июлда берилет.

2021-жылдын август айында өкмөттүн маалымат кызматы Кыргызстанда окуу жылы мындан кийин дайыма 15-сентябрда башталарын билдирген. Окуу жылынын жылдырышын бийлик эпидемиологиялык кырдаалга байланыштырып, мындан тышкары бир катар ата-энелер да окуу жылынын башталышын жылдырууну суранганын маалымдаган.

Бирок 2022-2023-окуу жылы качан башталары азырынча белгисиз. Билим берүү министрлиги учурда базистик окуу планы иштелип жатканын айтып, документ бекигенден кийин гана так маалымат берилерин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button