Коом
ИИМдин Академиясынын студенттери кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү

19-апрель күнү ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан билим берүү боюнча факультетинин 1-курсунун студенттеринин демилгеси менен кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.
Студенттер Бишкек шаарында жайгашкан балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо реабилитациялык мамлекеттик борборуна барышкан. Бул борборго жуунучу жана жеке гигиеналык каражаттарды, башка зарыл болгон буюмдарды тапшырып келишти.
Аталган мекеменин администрациясы ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана студенттерине ыразычылыгын билдирди, — деп айтылат ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.



