ВИДЕО: Милициянын Аяз атасы Ысык-Көл облусу боюнча жүрүшүн аяктады

Түзүлгөн салт боюнча жаңы жылдык майрамдын алдында Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Милициянын Аяз атасы» акциясы болуп өттү.
20-26-декабрь күндөрү облустун ички иштер органдарынын кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын, мектепке чейинки мекемелердин, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарын келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты.
Сасык тумоо оорусунан улам түзүлгөн кырдаал милиция кызматкерлерине балдарга жаңы жылдык майрам тартуулоого тоскоол болгон жок — акциянын иш-чаралары бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлдү. Балдардын «Милиция Аяз атасы» менен болгон жолугушууларынын көбү сыртта, ошондой эле аралыкты сактоо эрежелери менен өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө белектер менен бирге балдар жана өспүрүмдөр пайдалуу билим алышты – балдарга жеке жана коомдук коопсуздук эрежелери тууралуу айтып беришти.
Алып айтсак, Ак-Суу райондук милициянын кызматкерлери бала бакчалардын тарбиялануучулары жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн үйдө жана көчөдө, атап айтканда, жолдун автоунаа жүрүүчү бөлүктүн жанында коопсуз жүрүм-турум боюнча таанып-билүү жана көңүл ачуу майрамдарын өткөрүштү. Ал эми Жети-Өгүз районунда милиционерлер жана коомдук өкүлдөр турмуштун оор кырдаалдарындагы коопсуздук жана жүрүм-турум эрежелерине арналган жыл алдындагы квест уюштурушту.
Акциянын алкагында Ысык-Көл облусунун аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери 100гө жакын үй-бүлөнү кыдырып, балдарды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, белектерди тапшырышты.






