Окуялар
Бишкекте синтетикалык баңгизат таратып жүргөн киши кармалды

Бишкекте шектүү синтетикалык баңгизаттарды таркатып жүргөндө колго түшкөнүн ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда 30 жаштагы Р.А.К. аттуу жаран товарын көрүнгөн жерге катып жүргөндө колго түшкөн. Жанынан 365 гр синтетикалык баңгизат алынган.
“Эгерде ал товарын сатып үлгүргөндө 1,5 миллион сомдон ашык киреше тапмак. Кылмышты токтотуп калуу менен эки миңден ашык дозадагы синтетикалык баңгизаттын таркатылышына бөгөт коюлду”, — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатканы айтылды.



