Чүйдө рейд өттү. Дарыканаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баңгизаттардын, синтетикалык заттардын жана дарыгердин рецепти жок сатылуучу күчтүү таасир этүүчү дарылардын («дарыкана наркоманиясынын») жайылышын алдын алуу максатында Чүй районунун милиция кызматкерлери райондук акимчилик, жалпы практикалык дарыгерлер борбору жана салык кызматы менен биргеликте «Биз баңгизатка каршыбыз» аттуу алдын алуу рейдин өткөрүштү.
Рейддин алкагында милиция кызматкерлери фармацевттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди дарыгердин рецептисиз жана өспүрүмдөргө сатууга жол берилбеши керектигин эскертишти. Ошондой эле дарыкана наркоманиясын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Иш-чаранын негизги максаты — алдын алуу иштерин күчөтүү, калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана психоактивдүү заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы



