Коом

24 — ноябрга карата аба ырайы

Шейшемби күнү өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болуп, айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 24-ноябрда Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында кар жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетет.

​Абанын күндүзгү температурасы аймактарда төмөнкүдөй болот:

  • ​Чүй облусунда: +15…+20°;
  • ​Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: +16…+21°;
  • ​Талас облусунда: +12…+17°;
  • ​Ысык-Көл облусунда: +7…+12°;
  • ​Нарын облусунда: +6…+11°.

​Борбор калаа Бишкекте абанын табы +16…+18°, ал эми Ош шаарында +18…+20° жылуу болору болжолдонууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button