Коом
Борбор калаага жылуулук качан берилери айтылды

Бишкек шаарынын тургундарына жылуулук берүү мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматкери билдирди.
Маалымат боюнча, жылуулук берүү мезгили абанын орточо күнүмдүк температурасы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгон учурда башталат.
Шаар бийлиги учурдагы аба ырайы талапка жооп бербей турганын белгиледи. Ал арада Кыргызгидромет кызматы бул аптада жаан-чачын күтүлбөй турганын жана күндүн табы +18…+20 градуска чейин болорун маалымдады.



