«Ата сизди сагындым». Ноокатта 7-класстын окуучу өз өмүрүнө кол салды

2022-жылы 23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагынын тургуну 15 жаштагы В. А турак үйүндө өзүн-өзү асып каза болуп, апасы 44 жаштагы М. З Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келгендиги боюнча даарыгер Ноокат РИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө кабарлаган.
Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Ноокат районунун Гулистан а.а. Бостон айылынын тургуну, ошол эле айылда жайгашкан Хужамов орто мектебинин 7-классынын окуучусу 2007-ж.т. В. А аталган даректеги турак үйүнүн тамында » Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам»- деген мааниде кат жазып калтырып, өзүн-өзү асып каза болгон.Маркумду 2022-жылдын 23-май күнү саат 16:00 чамасында апасы М. З көрүп калып ошол замат жибин чечип Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып барган.
В.Анын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бирок маркумдун апасы жана жакын туугандары болжол менен 35 адам маркумдун жансыз денесин жандандыруу бөлүмүнөн алып чыгып соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн мейит канага (Морг) алып баруудан баш тартышты. Учурда окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.



