УКМК: Тиешелүү документтери жок, дары-дармектер салынган автоунаа кармалды — ФОТО

КР УКМК тарабынан КР аймагында контрабандалык ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында тиешелүү документтери жок, дары-дармектер салынган автоунаа кармалды.
2022-жылдын 20-майында Баткен облусунун Кадамжай районунун Күнгөй жергесинде КР УКМК кызматкерлери УКМК чек ара аскер кызматкерлери менен биргеликте КР Т.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаасын кармашкан.
Унааны текшерүү учурунда 180 даана, жүк ташуу документтери жок дары-дармектер – амоксиклав табылган.
Жогорудагы факты боюнча атайын кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө,- деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.








