Коом

Ноокаттагы бала бакчанын 2-кабатынан кулаган наристе. Ата-энесинин эч кимге доосу жок

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Ноокаттагы балдар бакчасында тарбиялануучу 2-кабаттан кулап кеткендигин жазган. Бул окуя боюнча  Ош ОИИБден комментарий беришти.

Маалыматка караганда, окуя боюнча, текшерүү жүргүзүлүп жатат.«13-июнь күнү саат 12:30 чамасында, Ноокат шаарында жайгашкан “Саламат” балдар бакчасынын терезесинен жаш бала түшүп кеткендигин Ноокат РИИБдин кызматкери кабарлаган. Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган»,— дешти милициядан.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, окуя болгон жерге Ноокат РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, алдын ала текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган. 13-июнь күнү Ноокат шаарындагы “Саламат” балдар бакчасына Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылынын тургуну 25 жаштагы  жаран саат 11:10 чамасында өзүнүн 4 жашар баласын биринчи жолу балдар бакчасына алып барып, балдар бакчасынын директоруна тапшырып кеткен. Ал эми бала болжол менен саат 11:40 чамасында балдар бакчасынын экинчи кабатынын терезесине чыгып, көчө тарапка асылып калгандыгы, ал эми жаш өспүрүмдүн асылып тургандыгын көрүп калган Ноокат районунун 67 жаштагы тургуну кармап калган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышып, окуя боюнча “Саламат” балдар бакчасынын кызматкерлерине арыз-доосу жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан.

Алдын ала алынган маалымат боюнча “Саламат” балдар бакчасы 2020-жылдан тартып иштеп келет. Бүгүнкү күндө балдар бакчасынын жетекчиси Ноокат районунун Калдай айылынын тургуну 49 жаштагы тургуну.

Аталган иштин алкагында “Саламат” балдар бакчасы боюнча тийиштүү мекеме ишканаларга каттар берилип, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button