Коом

Ноокатта 16 жаштагы кызды зордукташып, кафенин алдына таштап кетишкен

Ош облусунун Ноокат районунда жашы жете элек кыз зордукталды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми укук коргоо кызматкерлери жашы жете электерге байланыштуу ар кандай маалыматты коомчулукка жарыялоого тыюу салган Балдар кодексине таянып, кеңири маалымат бере алышпай турганын билдиришти.

Буга чейин маалымат каражаттары 16 жаштагы кызды зордукташып, түн ичинде «Кызгалдак» кафесинин жанына таштап кетишкенин кабарлашкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button