Саясат
Албаниянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Кыргызстанга Албаниянын президенти Байрам Бегай расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Анын учагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна конуп, аба майдандан конокту Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алган.
Маалыматта айтылгандай, сапардын алкагында ал президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүп жана маданий иш-чараларга да катышат.



