Аида Салянова: Камила Дүйшебаеванын өлүмү 11 жылдан кийин ачылды

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин бети ачылганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
«Мага жеткен маалыматтарга караганда, Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачылды. Убагында мени каралоо максатында жаш кыздын өлүмүн саясатка байланыштырууга аракет кылышкан, ошондон улам кылмыштын бети ачылбай калган. Бул окуянын Айсулуу Мукашеванын өлүмү менен кандай байланышы бар?» — деп Салянова жазган.
Эскерте кетсек, кылмыш 2014-жылдын март айында болгон. 19 жаштагы Камила Дүйшебаева 10-март күнү Достук кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. 16-мартта анын сөөгү Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган, аны муунтуп өлтүрүшкөн.
Ишти иликтөө учурунда Аида Салянованын агасы Калыйбек Салянов баш болгон белгилүү чиновниктердин аттары аталды.



