Коом

Дастан Бекешев: Ирактын түрмөлөрүндө 40тай кыргызстандык аял калууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ирактын абактарында Кыргызстандын 40тай жараны болгон аялдар дагы эле кармалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул аялдардын көбү өздөрү кылмыш жасаган эмес. Алар куралдуу кагылышууларга катышкан күйөөлөрүн ээрчип барып, ошол өлкөдө оор абалга туш болушкан.

Дастан Бекешев камактагы аялдар менен байланышып турарын айтып, аларга укуктук жардам көрсөтүү зарыл деп эсептей турганын белгиледи.

Депутат социалдык тармактагы баракчасында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жөнөткөнүн маалымдады.

Ал кайрылууларында кыргызстандык аялдарга юридикалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана соттолгондорду жазасын мекенинде өтөшү үчүн өткөрүп берүү боюнча келишим түзүү маселесин кароону өтүнгөн.

Парламентарийдин пикиринде, бул маселе мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат жана чечилбей калбашы керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button