
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Россияга барууну пландаган Кыргызстандын жарандары үчүн маанилүү эскертме жарыялады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып визасыз тартипте Россияга кире турган кыргызстандыктар (6 жашка чейинкилерден сырткары) «RuID» мобилдик тиркемеси аркылуу өлкөгө кирүүдөн 72 саат мурун арыз берүүгө милдеттүү.
Шашылыш учурларда (дарылануу, өлүм-житим) документтерди ырастоо менен 4 саат мурун арыз берүүгө жол берилет. Жашы жете электердин атынан арызды алардын мыйзамдуу өкүлдөрү берет.
«RuID» тиркемесин жүктөп алып, төмөнкү маалыматтарды киргизүү зарыл:
• Паспорттук маалыматтар;
• Сүрөт жана үн (биометрикалык идентификация);
• Кирүү күнү, максаты, мөөнөтү жана бара турган дареги.
Россияга иштегени же окуганы баргандарга миграциялык кызмат көрсөтүүдө кирүүнүн максаты дал ушул тиркеме аркылуу ырасталат.
Эл аралык айдоочулар үчүн эреже: Тиркеме аркылуу арыз берген айдоочулар Россияда календардык жыл ичинде 180 суткага чейин жүрө алышат. Арыз берилбесе, убактылуу жүрүү мөөнөтү 90 сутканы гана түзөт.
Арызга паспорттун, айдоочулук күбөлүктүн, унаанын каттоо баракчасынын көчүрмөлөрүн жана эл аралык жүк ташуу жол барагын (автобустар үчүн — маршруттук картаны же жүргүнчүлөр тизмесин) тиркөө керек.
Суроолор боюнча байланыш: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, корпус 5 (метро «Полянка»). Тел.: +7 996 968 98 97, +7 925 030 26 27.



