Коом
Ысык-Атада жаратылышты булгаган ишканага айып салынды

Ысык-Ата районундагы «Грин Гоу» ишканасы экологиялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн ири көлөмдө айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундардын жамааттык арызынан кийин инспекторлор аталган ишкананы текшерип, саркынды сууларды айлана-чөйрөгө туура эмес төгүүжана жаратылыш ресурстарын пайдалануу тууралуу маалыматтарды жашыруу же бурмалоосыяктуу мыйзам бузууларды аныкташкан.
Бул фактылар боюнча протоколдор түзүлүп, ишканага 111 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, ишкана жетекчилигине экологияны булгаган каталарды тез арада жоюу талабы коюлду.



