Окуялар

Бишкекте уулангандардын саны 44кө жетти

Бишкекте тамак-ашка уулангандардын саны 44кө жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санэпидкөзөмөл борборунун бөлүм башчысы Асел Тагылыкова билдирди.

Уулангандар Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына кайрылышкан. Алардын ичинен 13 бейтап ооруканага жаткырылып, 31ине амбулатордук дарылоо дайындалган.

«Арча-Бешиктеги эркек балдардын медресесинде окуган 16-25 жаштагы студенттер болгон. Арасында бир мугалим жана окуу жайдын бир бүтүрүүчүсү да бар. Бейтаптар майонез кошулган салат жешкен. Майонез кошулган тамак-аш жайкысын өтө кооптуу», — деди Тагылыкова.

Ошондой эле медресе Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан текшерүүгө алынып, 41 миң сом айып салынганы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button