Коом

«Ата дебе мени». Интернетте кызын сөгүп жаткан кишинин видеосу тарап, иликтөө жүрүп жатат

2023-жылдын 11-октябрь күнү социалдык желесине эркек киши балдарын тилдеп жаткан видео тараган.


Бул видео боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы аталган жарандын өздүгүн аныктап, ал Кара-Суу районунун тургуну 1987-жылы туулган М.М. экендиги такталган.
Тактоо иштеринин жүрүшүндө жогорудагы жаран РФнын жараны, болот. Мурдагы жубайы менен 1 кыз, 1 уулу бар жана алар менен учурда чогуу жашабагандыгы маалым болду.


Ал эми тартылган видео тасма ушул жылдын апрель айында РФнын аймагында жүргон учурда тартылгандыгы такталды.
Бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн соң кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button